www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-октябрда Парижде жана Франциянын бир катар шаарларында коронавируска байланыштуу коменданттык саат ишке кирди. Коменданттык сааат кечки 21:00дөн таңкы 06:00гө чейин.

РБКнын маалыматы боюнча, Франциянын элине үйдөн таптакыр чыкпасын деген чектөө жок, өлкөдөгү ЧП режими 4 жумадан ашпайт деп айтылган.

Белгилей кетсек, эрежени бузган жарандар 135 евро айыппулга жыгылышат.

Франциянын президенти Эмануэль Макрон өлкөгө киргизилген коменданттык саат режими коронавирустун экинчи толукуну жер-жерлерде күчөп жаткандыктан киргизилгенин баса белгилеп айткан.

Азырынча өлкөдө билим берүү мекемелери, дүкөндөр менен социалдык түйүндөрдү жабуунун зарылдыгы жок.

Бийлик коменданттык сааты декабарь айынын башына чейин узартууну сунуш кылууда, бирок бул азырынча Парламент тарабынан жактырыла элек.

Макрон, Фрнацияны коронавирустун экинчи толкуну каптаганы менен бийлик абалды өз колуна алганын кошумчалады.

Эске салсак, учурда Францияда коронавируска чалдыккандардын саны 840 миңден ашты. Бул Бул көрсөткүч менен өлкө онунчу орунда турат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости