www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тележурналист Мырзакул Мамбеталиев дүйнөдөн кайтты

Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясынын Котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун жакындарынын айтуусунда ал бүгүн, 17-сентябрда көз жумган.

Белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылы 20-февралда Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин "Ала-Тоо" студиясында, андан кийин социалдык-экономикалык студиясында продюсер болуп иштеген.

Улуттук каналдын вице-президенти кызматын аркалап турган.

Өмүрүнүн аягына чейин Котормо студиясын жетектеген.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгынын урматына, 2022-жылы Мамлекеттик жогорку сыйлык - "Даңк" медалы менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости