www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү журналист, Шайырбек Абдрахман "Апрель" телеканалы боюнча өзүнүн пикирин Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Апрель каналынан саясий куугунтукка кабылышкан Сапар Исаков, Абдиль Сегизбаев, Индира Жолдубаева жана башкалар тууралуу атайын берүү даярдашыптыр. Эми айтып олтурса сөз жок.
АпрельТВнын айтымында жогорудагы аты аталган экс-чиновриктер саясий куугунтуктоолордун натыйжасында кызматтарынан кетишкен имиш.
Тообоо!
Эй, буларың саясий куугунтук көрбөй эле саясий куугунтук кылышкан немелер да. Аларды ким, эмне деп кубалады? Бул адамдар кызматтарынан эмне үчүн шыпырылышты? Биринчи ошого көңүл бурбайлыбы!
Мисалы:
Абдиль Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда "Белиз-гейт", "Маевский-гейт" сыяктуу жалаалардын автору болуп, А. Салянова, Ө. Текебаев, А. Шыкмаматовдордун үстүнөн куугунтукту жалаң ушул мыкты уюштурду го! Бул жалаалар бийликтеги "бир кишинин" оппоненттерин тазалоо, жок кылуу , камакка алуу болбогондо эмне болду?!
Ал эми Индира Жолдубаева Башкы Прокуратурада турганда прокурорлук иши менен кошо А.Атамбаевдин абийрин коргоочу, сотко бергичи болуп иштеп алды го! Атамбаев жөнүндө "А" - деп ооз ачкан журналист, активистердин моюнуна жанагыл олчойгон миллиондорду жаңылбасам, так ушул Жолдубаева илдирбеди беле!
Эми Сапар Исаков боюнча. Аны ким куугунтуктады? Сапарды жанагыл өзү кат жазышып жүргөн кытайлар алган 600 долларлык аттиштер эле "бир жеринен" улам улам чымчылап олтуруп түбүнө жетпедиби!
Сапакең саясат паясатты эмне кылат азыр оозанып! Ал азыр тетигил ТЭЦти ойлонсун..! Андагы жүздөгөн миллиондор эмне болгон ошону айтып берсин элге! Бир кезде Шыкмаматовду жебеген самсыга пул төлөтүп, 1000 доллар жедиң дешип, жалаа жабышып, кайра кайра УКМКга чакырышып, камооого аракет кылгандар эми 100 миллион, 200 миллион деген долларлардын дарегин таап беришсин бизге!
Анан да саясий куугунтук деп коюшат!
Кызарбай татарбай "САЯСИЙ КУУГУНТУК БОЛУП ЖАТАТ" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло! - деп жазган журналист Шайырбек Абдрахман.
Булак: NazarNews.kg