www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темике эртелеп теминүүдөбү?

«Жогорку Кеңеш тарайт экен, жакында кайра шайлоо болгону атыптыр»-деген аңыз кеп айтыла берип эскирип баратат. Мындан улам жаңы партиялар пайда болуп атса, айрым эски партиялар баш көтөрө баштады.

Маселен, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев «Ак Шумкар» партиясын жандандыруу менен алек. Кийин парламентке кирүү максаты менен аракетти эрте баштаган кези. Темир Сариев абдан такшалган саясатчы, саясаттын күрөө тамырын кармай билген кыраакылыгы бар. Өлкөнүн экинчи адамы болгонго дарамети жеткен адам жөн адам эмес да…

Демек, эртелеп аракетти баштаганына кара­ганда мурду «жыт алган» өңдөнөт. Азыр жалгыз партиянын Жогорку Кеңештин босогосун аттоосу өтө оорчулук жаратаары бештен белгилүү. Андыктан Аргенбаевичтин «Ак Шумкары» дагы жалгыз учпай эриш-аркак шайлоого катышуу жолун ойлонсо жакшы болмок. Бирок, «Ак Шумкар» кимдин ийинине конот маселе ошондо…

Булак: "Де-Факто" 

Последние новости