www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз киносу, учурда маданиятыбыздын флагманы», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине режиссёр Темир Бирназаров.

- Темир мырза, «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлык чыкты. Бул жарлык Улуттук киноискусствонун жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрө алабы?

- Эң башкысы, тартыла турган фильмдерин темасын, мамлекет үчүн, улут үчүн актуалдуулугун, улуттук баалуулуктарга басым жасаган чыгармаларды, киносценарийлерди аныктап, талдап бере турган, авторитеттүү калыс комиссия түзүлүшү керек.

Болбосо эч пайдасы жок фильмдерге каражат коромжо болуп кетүү коркунучу да болушу мүмкүн. Эң башкысы, өлкө башчысы, кинонун мамлекеттик, улуттук идеология үчүн чоң ролун баамдап, колдоо көрсөткөнү абдан жакшы болду деп эсептейм.

- Бул жарлыктын жардамы менен дүйнөнү таң калдырган кыргыздын улуулугун даңазалаган кинолор тартылат деп үмүт кылсак болобу?

- А негизи кыргыз киносу, учурда маданиятыбыздын флагманы деп айтсам жаңылбайм. Анткени буга чейин деле чоң ийгиликтерге жетишип келе жатат. Президенттин бул жарлыгы абдан жакшы стимул болот.

Улуттук идеологияга маани бербегендиктен, жаштарыбыз корей, түркиянын сериалдарынын таасирленип, ошолордун каармандарын туурап кийинип, ошолордун маданиятын жайылтып жатышат. Ошондуктан, өзүбүздүн каада салтыбызды, нарк насилибизди, улуттук баалуулуктарыбызды кино, сериалдар аркылуу жайылтышыбыз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости