www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү жана бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат, айрымдар аны «биринчи» деп да атап жатышат, бирок «евразиялык» деген мындай форумдар көп эле өткөрүлгөн. Азыркынын өзгөчөлүгү – ал Украинага каршы Москва баштаган согуш учурунда жана ага жооп катары Орусияга жарыяланган оор эл аралык санкциялар шартында өтүп жатканы. Бул форум Орусияны колдоо максатында, негизинен, Орусиянын өзү тарабынан уюштурулган.

Форумдун алкагында Бишкекке казак президенти Касым-Жомарт Токаев да келди, ал президент Садыр Жапаров менен биргелешкен билдирүүгө кол койду. Президенттер Бишкекте Абайдын эстелигин жана «Аль-Фараби» университетинин филиалын ачты.

Визит алкагында ондон ашык келишимге кол коюлду деп айтылып жатат, бирок алардын катарына эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери ортосундагы биргелешкен иш-чаралар планы, чек арадагы өрттөрдү биргелешип өчүрүү келишими же облустар ортосундагы көптөгөн меморандумдар да кирген. Анткен менен, визиттин артында эмне жатса дагы, Кыргызстан үчүн бул окуялар – Евразиялык чоң жыйын үчүн Бишкектин тандап алынганы жана деги эле Токаевдин келиши менен маанилүү.

Последние новости