www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги режиссёр Темир Бирназаровду кепке тартып, депутаттардын кайым айтышуусун күчөткөн айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.  

--Темир мырза, парламенттин мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда неге депутаттар арасында катуу кармаш башталды?

--Мындай көрүнүш биздин депутаттар үчүн калыптанып калган эле жүрүш да. Кийинки чакырыкта кайра депутаттык мандатка ээ болуу үчүн элден упай топтоого болгон эле аракет. Ошон үчүн күйүп, бышып жатышат да. 

--Депутаттардын спикерди ачык эле сындаганы ал адилеттиктен тайганынан кабар береби же анын ар бирине каяша кайрыганы депутаттардын жинин келтирип жатабы?

--Бул маселе деле  парламенттин мөөнөтү бүтүп келе жатканын көрсөтүп жатат. Болбосо спикер буга чейин кемтиксиз иштеп келе жатты беле. Эмне үчүн мурун сындашкан жок. Анткени, корко турган нерселери бар болчу. Азыр болсо орусча айтканда буларга “терять нечего” болуп калды да. Ошон үчүн ачуу сындарды жаадырып жатышат.

--Шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү мыйзамы неге депутаттардын кайым айтышуусун күчөттү?

--Мурун 9 пайыз болсун дегендер, азыр ошол тогуз пайыздык чектен өтө албасын сезип кайра артка кетип атышат. Тескерисинче, мурун 7 пайыз болсун дегендер, өздөрүнүн күчүнө ишенгендер. Бул жерде талаш тартыш, конкуренттерин эптеп жок кылуунун эле амалы болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости