www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Темир Ормуков “Коронавирустан 100% коргонуу жөнүндө” билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Таркаткыла, башкалар да дарылансын!
“Коронавирустан 100% коргонуу жөнүндө”
Коронавирустун таптакыр дарысы жок андан эч ким айыкпайт экен деген туура эмес. Дарысы бар бул вирусту жок кыла турган препорат эбак эле чыккан экен. Алардын бири “3%дык перекись водорода” бирок бул препоратты туура жана так пайдалануу керек. Туура эмес пайдаланса ички органдарды рак оорусуна алып келет. Ошондуктан бул препоратты пайдаланууда өтө так туура пайдалануу зарыл.

Анын рецеби төмөндөгүдөй:

 100-150 грамм жылуу сууга (кайнатылган) биринчи күнү 1 тамчы, экинчи күнү 2 тамчы, үчүнчү күнү 3 тамчы ушинтип жети күнгө чейин. Жетинчи күнү 7 тамчы. 7 тамчыдан 3 күн 10 күн болгуча ичүү керек. Ач карын эртең менен тамакка чейин 30 мүнөт мурда ичүү зарыл же тамактан кийин эки сааттан соң ичиш керек. 10 күндүк курс бүткөн соң 3-4 күн эс алып кайра дагы 10 күн ичип кайталоо керек. Баса белгилей турган жагдай перекистин көп түрү бар, ар кандай проценттегилери болот. Баары тең жарабайт перекись водороддун 3% дегени гана жарактуу. Порошок түрүндөгү перекись водород таптакыр жараксыз жана өтө коркунучтуу. Ошондуктан “3% перекись водорода” дегенди алуу зарыл. Бул перекись баардык вирусту өлтүрөт. Негизи бул перекись ичүү үчүн чыгарылган эмес. Адатта муну дененин сыртындагы жаракаттарга пайдаланылат. Бул перекиске сөзсүз түрдө суу кошуу керек болбосо кекиртекти, ооздун ичин, ичегилерди күйгүзүп кийин рак илдетине алып келет. Перекисти сууга кошуп жогоруда көрсөтүлгөн тамчыларды так сактап, сууга тамчылатып, 10-15 мүнөттүн аралыгында ичүү керек. Чакалап, банкалап даярдап алыштын кажети жок. Себеби, перекись сууга кошулгандан кийин 15-20 мүнөттөн кийин сууга аралашып кадимки эле суу болуп калат. Бул 3% перекись водорода вирус ооруларынан тышкары башка ооруларга да абдан жардам берет. Өзгөчө жүрөк кан тамырларына чоң пайдалуу. Болгону туура так граммын сактап пайдаланыш керек. Мен инфаркт болгондон кийин мага врачтар абдан көп дары жазып беришкен. Күнүнө 14 түрдүү таблетка иччүмүн. Бирок таблетка дарылар жүрөккө жардам кылганы менен ашказаным, боорум ооруп заарам дары жыттанып баштаган. Ошондо ушул перекисти ичип көрдүм. Башында перекисти көп кошуп алып тамагым ооруду. Кийин ар бир граммды так тамчылатып туура пайдаландым. Азыр доктурдун жүрөккө жазган дарыларын ичпей калгам. Кудайга шүгүр баары жакшы. Ушул перекисти пайдалангандан баштап грипп да болгон жокмун. Былтыртан баштап тамекини кайра чегип алдым кыскасы аман-эсен жүрөм. Коронавируска таасирин тийгизип жардам берээрин ЮТУБтан билдим. ЮТУБтан силер да карап, пайдаланып көргүлө. ЮТУБка “3% перекись водорода”-деп жазсаңар маалымат жайнап чыгат.

Урматтуу Мекендештер дагы бир жолу эскертем. Бул перекисти пайдалануу коркунучтуу жана кооптуу ошондуктан рецепти туура жана так пайдалангыла! Чакалап ичип алып, кырылып мага догурунбагыла! Туура так пайдалансаңар абдан пайдалуу! Аман бололу, Элибизди Кудай сактасын! Мындай каргашалуу илдеттин маалында паникага алдырбай сабырдуу бололу!
Айланайын аптекачылар муну угуп алып эми “3%ттик перекись водороданы” кымбаттатып жибербегиле! Эгер кимде ким аптекада кымбаттата турган болсо, айнектерин сындыра чаап, өрт коюп качып кетүүгө уруксат болсун! Ушундай сүйлөшөлү ээ?”

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кечээ, 20-мартта брифингде сүйлөп жатып, ар кайсы дары-дармектер менен өз алдынча дарыланбоого чакырган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости