www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек жана Ош шаарларында президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевдин үгүт плакаттары пайда болду. "Муну менен алар шайлоо мыйзамын бузуп жатышат",- деп социалдык түйүн колдонуучулары талкуулап жатышат.
Бул үгүт сүрөттөрү Бишкек жана Ош шаарларында бүгүн пайда болгону айтылууда. Эскерте кетсек, буга чейин жогорудагы эки талапкер жана "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугууларын башташкан. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы үгүттүн сүртүмдөрү болуп жатканын белгилеп, талапкерлерге эскертүү берген.
Мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого бир ай калганда башталат. Ал эми Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленген деп билдирет 5news.kg маалымат порталы.
Булак: NazarNews.kg