www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, экс-премьер министр Темир Сариев Өзгөндөгү жер көчкү болгон Аюу айылындагы жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди. Ал каза болгондордун жакындарына дагы бир ирээт көңүл айтып, азык-түлүк жеткирген. Берилген жардамды жардамга муктаждар ынтымактуу бөлүп алышты.
Эскерте кетсек, кырсык болгон күндүн эртеси Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормоновдор элден кабар алып барган. Башка саясатчылар азырынча кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүп барыша элек. "Шайлоо учурунда айылда көчө калтырбай кыдырган саясатчылар, элдин башына күн түшкөндө келгенге жараган жок. Эч кандай саясаты жок эл башына келип кабар алган, азык түлүк жөнөткөн эл уулдарына ыраазыбыз"-дейт интернет колдонуучулар.
Булак: «NazarNews.kg»