www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн кирешелүүлүгүн толук техникалык-экономикалык негиздемесиз баалоо эрте экенин билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы кенди өздөштүрүү боюнча адистерден турган жумушчу топ түзүлүп, геологиялык изилдөөлөр каралган. Бирок айтылып жаткан 20 млн доллар инвестиция тууралуу маалымат жумушчу топтун эсептеринде болгон эмес.
Сариевдин белгилешинче, негизги көйгөй — кендин рудасын байытуу татаалдыгы. Изилдөөлөргө ылайык, кайра иштетүүгө ыңгайлуу магнетит рудасынын үлүшү болжол менен 19% гана түзөт.
Жумушчу топ кенди этап менен өздөштүрүүнү сунуштаган: алгач темир концентратын өндүрүп сатуу, кийин кирешенин эсебинен металлургиялык ишкана куруу пландалган. Бирок долбоор үчүн ири инвестиция, заманбап технология жана адистер талап кылынат.