www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көзү азиз адамдар үчүн EyeSens аттуу жасалма интеллект (AI) менен иштеген «акылдуу» көз айнектин прототибин иштеп чыгышты.
Долбоордун авторлорунун айтымында, көз айнектеги камера айланадагы көрүнүштөрдү тартып, маалыматты смартфон аркылуу иштетет. AI үн жардамчысы тоскоолдуктар тууралуу эскертип, айлана-чөйрөнү сүрөттөп берет, ошондой эле орус жана англис тилдериндеги тексттерди окуй алат.
Окуучулар иштеп чыккан прототипти Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге да тааныштырышкан. Долбоор көрүүсү начар адамдардын коопсуз жана өз алдынча жүрүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.
