www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Wildberries маркетплейсин иштеткен RWB тобу логистикалык объектилерине дрон чабуулдары күчөгөндөн кийин Казакстандан 100 миң чарчы метрге чейин жеткен ири кампа жайларын ижарага алууну караштырып жатканы маалымдалды.
«Коммерсант» басылмасынын жазышынча, компания логистикалык инфраструктурасынын бир бөлүгүн Казакстанга көчүрүү аркылуу товарларды сактоонун коопсуздугун жогорулатууну көздөйт.
RWB болсо бардык өлкөлөрдө логистикалык тармагын пландуу өнүктүрүп жатканын билдирди. Учурда компания Алматыда жана Астанада эки ири логистикалык борбор куруп жатат.
18-июлдан бери Wildberries компаниясынын бир катар кампаларына дрон чабуулдары жасалууда. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул кампаларда жарандык товарлар менен катар кош багыттагы жүктөр, анын ичинде дрондор жана навигациялык жабдуулар да сакталат деп билдирген.