www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде саясатка кызыккан жаштарга айрым кеңештерин берип өттү.

Ал жаштарга саясатчылар басып өткөн жолдорду, кабыл алган чечимдерди жана алардын коомго пайдасы тууралуу маалыматтарды окууга кеңеш берет. Бул жаатта илимий багыттагы маалыматтарды көбүрөөк окууга чакырат.

«Интернеттен кыска маалымат окуп алып эле «саясатчы болом» дегендик туура эмес. Маалымат алган соң, саясий, коомдук уюмдарга аралашуусу керек. Жаштарга айтарым, кызгануудан алыс болуп, үлгү катары майда болсо да, коомдук иштерге аралашса. Туура менен катаны аныктай билүү — келечекте ката кетирбөөгө, туура багытты аныктоого жол ачат», — дейт Асанбеков.

Мындан тышкары саясатты азыраак сүйлөп, маданиятты өнүктүрүү, билим алуу жаатына басым жасоого үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости