www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Дабагерлердин көбүрөөк көңүл буруп, ак дилден адистик кеңеш берчү иш-милдет зарылдыгы адамдардын семиздигинде байкалат. Ар бир толук адам өздөрүнө кайрылганда, алардын: "Салмагыңыз көбөйүп кетиптир", "Арыктасаңыз болмок", - деп берген кеп-кеңештерин ар дайым эле угабыз.
Тажрыйбадан байкалгандай, семирип кетүү оңой, ошону менен катар, арыктоо үчүн врачтын кеп-кеңеши кээде жетишсиз да болот.

Биз семиздик жөнүндө кеңири сөз кылганда, организмдеги май-зат алмашуу бузулуп, адамдын салмагынын өзгөчө көбөйүп кетишин ден соолукка кооптуу оору көйгөйү катары белгилейбиз.

Адамдын салмагы көбөйгөнүнө байланыштуу, биз семиздикти төрт даражага бөлөбүз:

1-даражада адамдын нормадагы салмагы 10-29%га чейин көбөйөт;

2-даражада 30-49%га чейин көбөйөт;

3-даражада 50-99%га чейин көбөйөт;

4-даражада 100%дан ашык.

Салмакты аныктоо үчүн, изилдөөчү Броктун индекси боюнча адамдын сантиметр менен эсептелген боюнун узундугунан 100 сантиметр кемитип койсок, анын килограмм менен эсептелген ашык салмагы келип чыгат. Мисалы, бою 170 см келген кишинин салмагын эсептөө үчүн 100дү кемитебиз. Ошондо, 70 кг келип чыгат. Мындай аныктама, адамдын конституциясына ылайык, жаш-курагына, жынысына жараша 10% көп же аз болушу мүмкүн.

Биз байкагандай, көп учурда семиздик башаламан ашыкча тамактанып, тамак-аштын кубаттуулугу организмдин энергия сарптоосунан ашып кеткенде башталат. Мында керектелүүчү тамак-аштын өлчөмү жана кубаттуулугу организмдин энергияга жана тамак-ашка болгон талабына шайкеш келиши өтө маанилүү. Кыймыл-аракеттин аздыгы да семирүүнүн негизги фактору болуп эсептелет. Ошондой эле тамакты өз убагында ичпей, оңой сиңирүүчү углеводдорго бай, ашыкча канттуу кондитердик тамак-аш, таттууну жана мал майын, ак май, майлуу этти көп жегенде байкалат. Дагы белгилеп кетчү жагдай, алкоголь ичимдигин ичүү кээде семирүүгө түрткү берет. Анткени, алкоголдук ичимдиктер курам жагынан кубаттуу келет, анын үстүнө, ичкиликти ичкен адам тамакты көп жейт. 

Семирүүдө организмдин тукум куума өзгөчөлүгү да белгилүү бир роль ойнойт. Көп учурларда, биз америкалыктардын кино-фильмдеринен үй-бүлөдө ашыка тамак жеп, бардык үй-бүлө мүчөлөрү семирип кеткендерин байкап жүрөбүз. Мындай үй-бүлөдө кичине кезинен эле ашыкча тамактандыруудан зат алмашуусу бузулуп, семире баштайт. Андай бузулуу убакыт өткөн сайын күчөй берет. Семирүүгө ыңгайлашканда, май тканы, организмдин бардык ткандары сыяктуу эле, ашык тамакты талап кылат. Ошондуктан, семиз адам тамакты көп жейт. Бизге келген батыштын "тез татым" тамактары, мисалы: фастфуд, гамбургер жана ушул сыяктуулар, сиңимдуулугу жана татымдуулугу жакшы болгону менен, адамды бат семиртет.

Кээде семирүү ички секреция органдарынын оорулары менен байланыштуу. Май-зат алмашуунун бузулушунан семирип кетүү сөөк менен муундарга күч келтирип, таяныч-кыймыл аппараттарынын өзгөрүшүнө алып келет. Өтө семирүүдөн дем алуу, жүрөк, ан тамыр системасы бузулуп, өпкө жана жүрөк оорулары пайда болот. Ашыкча семиздик кант диабетине, гипертония оорусуна, жүрөк ооруларынан - стенокардияга, миокарддын инфарктына тушуктурат. Мындай семиздиктен өттүн сезгениши, өт жолдорунун таш оорусу, уйку бездин сезгениши байкалат. Семиз адамардын көбүнчө ичи катып, боорун май басат.

Эгерде биз семиздиктин пайда болуу механизмин талдай турган болсок, гипоталамо-гипофизардык системанын активдешүүсүнөн бөйрөктүн үстүндөгү үч бурчтук бездин иштөөсүнүн күчөгөнүн байкайбыз. Илимий изилдөөлөрдөн аныкталгандай, гипофиздеги АКТГ гормону көбөйгөндө, бөйрөктүн үстүндөгү безден кортизол гормону жогорулай баштайт. Андай учурда зат алмашуу күчөгөнү менен, майдын зат алмашуусу азайбайт. Анын себеби болуп - организмдеги самототроптук гормондун азайышы ткандардагы майдын эришин жайлатат. Мындай учурда, инсулин жогорулаганы менен, анын таасири анча болбогонун байкайбыз. Калкан безиндеги тиреоиддик гормондор азайып, ткандардагы зат алмашууну начарлатат.

Семиздиктин клиникалык белгилери

Адамдын денесиндеги ашыкча майдын жайланышуусу, өлчөмүнө жараша, семиздикти төмөндөгүдөй түрлөргө бөлсөк болот:

1-алиментардык семиздик. Мындай адамдар тамак-ашты ашыкча жеп, көп кыймылдашпайт. Көбүнчө орто жаштагы адамдар жабыркайт. Ушундай абал жашы өтүп калган аялдарда кездешип, алардын көп кыймылдабай, үйдө көбүрөөк отуруп калганынан болот. Алардын организминдеги майдын жайланышы денеге тегиз тарап, бирок, ичте жана жамбаш-белде көбүрөөк жайланышат. Буларда эч кандай эндокриндик өзгөрүү байкалбайт.

2-гипоталамикалык семиздик. Мындай абал борбордук нерв системасыны ооруларынын гипоталамустка болгон тескери таасиринен байкалат. Мисалы, мээ шишигинен, травмасынан, нейроинфекциядан адам бат толуп, кыймыл-аракети азайыл кетиши ыктымал. Булар семиргенде майдын жайланышы, өзгөчө, ичте байкалып, фартук түрүндө салаңдап калат. Айрыкча, жамбаш, сан толуп, адамдын кыймылы өзгөрөт. Семиргендердин териси кургап, мала кызыл узун тактар пайда болот. Клиникалык белгилеринде: адамдын башы ооруп, уйкусу начарлай баштайт, кан басымы көбөйүп, тердеп, жүрөгү дүкүлдөп, бети албырып, басканда күйүгөт.

3-эндокриндик семиздик. Ушундай абал эндокриндик ооруларда пайда болуп, мисалы, калкан бези начар иштеп калганда, Иценко-Кушинг оорусунда байкалып, организмдеги майдын жайланышы бир кылка болбой, дененин кээ бир ткандарында көбүрөөк жайланышат. Горманалдык өзгөрүүлөрдөн аял кишинин бетине сакал-мурут чыгып, эркек кишилер аял сыяктуу семирет. Семиргендердин денесинде мала кызыл узун тактар көбөйөт.

Айрыка белгилеп кетчү семиздиктин түрү - липоматоз (Деркум оорусу) менен жабыркаганда, денеде май шишиктер пайда болот. Дабагерлер басып көргөндө, ал шишиктердин ооруганы байкалат.
1-2-даражадагы семиздикте адамдын бир аз алы кетип, ныксырып, уйкусу көбөйүп, маанайы чөгүп, кыжырлана баштайт. Кээ бир убакта көңүлү айнып, оозу ачуу даамданат. Бели ооруп, буту шишип, муундарындагы кыймыл мурдагыдай болбой калат. Чоң салмактан муундарга күч келип, өзгөчө, бут муундары ооруйт. Ал эми гипоталамикалык семирүүдө адамдын табити ачылып, өзгөчө, түштө кийин тамакты көп жей баштайт. Курсагынын ачканы айрыкча түнкүсү билинип, суусай берет. Аялдарда болсо, айыздык цикли бузулуп, төрөбөй калуу коркунучуна тушугат. Эркектердин сексуалдык мүмкүнчүлүгү азаят. Мындайда дабагерлер алардын кан басымын системалык түрдө өлчөп, кандагы глюкозанын абалын көзөмөлгө алууга тийиш.

Балдардын семиздиги

Бул көбүнчө тукум куучулук касиетке ээ. Айрым убакта балдар 1 жашка чейин, кээде 10-15 жаштарында семиздикке кабылат. Мындайда биринчи кезекте, балдардын жеп-ичкенине конституциялык абалына көңүл буруу зарыл. Балдарды ашыкча тамактандыруу семиздикке алып келет, ошондуктан, аларды рационалдуу тамактандыруу керек.

Дабагерлердин байкоосунда, кыздар толугураак болуп төрөлөт. Жаш менен кошо, мындай абал семиздикти пайда кылат. Ал эми 10-15 жаштагы балдардын толуктугу өспүрүмдүк өзгөрүүгө тушугуп, диэнцефалдык бузулууну пайда кылат. Мындай учурда мээнин ичиндеги басым көбөйүп, кээ кезде кан тамырдагы басымдын жогорулаганын байкайбыз. Невролог-дабагерлерге семирип кеткен балдар-кыздарынын башы ооруйт деп кайрылган ата-энелер көп эле кездешет. Ал эми балдардын гипоталамикалык семиздиги баш-мээ травмасында, нейроинфекциядан пайда болот. Семиздикти аныктап билүү өтө эле кыйынчылыкты туудурбайт. Ал үчүн адамдын боюнун узундугун жана салмагын билүүгө тийишпиз. Ал эми эндокриндик бузулууга учураган семиздикте болсо, лабораториялык жана аппараттык изилдөөлөр талап кылынат.

Семиздикти дарылоо

Мындай иш врачтын көзөмөлүндө - комплексттүү түрдө жүргүзүлүшү керек. Диета кармоо ыкмасы эч качан ачкачылык менен коштолбоого тийиш. Диета көбүнчө жеңил түрдө - белокко, витаминге, микроэлементтерге бай тамак-аш болуп, май затын азайтуу менен коштолот. Табитти азайтуу үчүн тамакты күнүнө 5-6 жолу аз-аздан ичүү сунушталат. Эч качан алкоголдук ичимдик, анын ичинен, пиво ичүү сунушталбайт.

Азыркы мезгилде кеңири рекламаланып жүргөн чай чөптөрү, биологиялык активдүү заттар пайдаланыбоого тийиш. Анткени, алардын таасири убактылуу гана болуп, организмди ууландырышы мүмкүн. Ар бир адам, арыктайм дегенде, биринчи кезекте, ден соолугуна терс таасир тийгизбөөнү ойлошу керек.

Алиментардык семиздикти дарылоо диета менен коштолуп, рационалдуу түрдө болууга тийиш. Мындайда, психотерапия ыкмасынын, анын ичинен, биз колдонуп жүргөн акупунктуралык ыкма- "алтын ийне" сайып, рационалдуу психотерапия жүргүзүү өзүнүн оң, натыйжасын берип келатат.
Биринчи кезекте: табитти азайтуу, адамдын денесиндеги ашыкча май кыртышын пайдаланып, автономдуу тамактандырууга өткөрүү, май-зат алмашуусун жакшыртуу акупунктуралык психотерапиянын негизи болуп эсептелет. Организмдеги суюктукту азайтуу үчүн сууну өзгөчө үнөмдөп ичүү сунушталат. Анткени, организмдеги клетканын 70-80%ын суу түзөт. Он күндүк өзчгөчө диетада: капуста, сабиз, бадыраң, помидор менен катар, сууну кескин кыскартуу пайдалуу. Биздин көп жылдык тажрыйбабызда ырасталгандай, мындай дарылануу адамды 10 күндө 10 килограммга чейин арыктатып, натыйжасы ишенимдүү. Ал эми сууну көп ичирип дарылоо талапка ылайыксыз.

Негизинен арыктоо үчүн: дарылоо көнүгүүсү, ич булчуңдарын чыңдоочу көнүгүүлөр, сууда сүзүү, чуркоо, көбүрөөк кыймыл, физкультура-спорт ыкмаларын кеңири колдонуу өзүнүн пайдасын бербей койбойт.
Семиздикти дарылоодо тамакты азайтуу аз-аздан болуп, май каражаттары аз өлчөмдө берилсе, адам көбүрөөк басып, өлчөмүнө жараша рационалдуу тамактанса, арыктаары анык. Анын баары, жогоруда белгилегендей, семиздиктин түрүнө жараша дабагердин кеңеши менен колдонулушу керек.

Темирбек Бекбоев, невролог

Эсиңиздерге сала кетсек, Темирбек Бекбоев тамыр кармап, диогноздорду аныктайт. Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, ички органдардын сезгениши, нерв оорулары, муун жана омуртка, айыкпаган жараттарды, жыныстык, башка илдеттерди сакайтат.
Байланыш номери: 0703 57 81 77
 

Последние новости