www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда так ушул таптарда Фейсбук социалдык тармакта жарандар өзүнүн оюн ачык билдирп, ал тургай жакындары менен айтышып, жакшы жагын алып карай турган болсок, эки жаш табышып үй-бүлөө курууда.  Акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаевдин заманында ачуу чындыкты айтам деп суракка чакырылып, темир тор артына кетип, Токтогул акындан кем эмес чукуп ыр жазган Темирлан Ормуков өзүнүн социалдык тармагына тынымсыз саясый сасык сөздөрүн жазып турат. Темирлан Ормуковдун кезектеги пикирин өзгөртүүсүз жарыя кылабыз.

“Акыркы күндөрдө ФБда бирде Аскар Акаевдин келишине кандай карайсыз? деген суроо менен, бирде болсо Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине кандай карайсыз? деген посттор байма-бай жарыяланчу болду. Кандай карамак элек? Эч кандай карабайбыз, карап жүрүп тажадык... Карагыдай да убакыт жок кредит төгүш керек, жумуш табыш керек дегендей... Эл азыр бирөөнүн келип кеткенин карамак турсун өз тирилигинин айласын таппай калды... Башты оорутуп эмне Акаев 2млрд $, Бакиев 2 млрд $ колдоруна кармап келсе пожалуйста келе берсин... Экөөнөн алып тышкы карызды төлөп жашай беребиз... Чынында 7-апрелде эч кандай ыңкылап болгон эмес, жөн гана тиги алкаш Атамбаев уюштурган баскынчылык болгон. Так что юридикалык жактан караганда Бакиев азыркыга чейин мыйзамдуу президент болуп саналат. Анан тиги Атамбайдын тукумун камап андан бир нече млрд $ өндүрсөк дароо эле өнүгүп кетебиз... Тарапташтарын таштап керт башын сактай качкан чала-кыргыз Бабанов бир 500 млн $ бетине кармап келип калса ал деле кечирим алып жашай берсин анда вообще гүлдөп өнүгүп кетебиз!”, -деп жар салды Темирлан Ормуков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости