www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Айла жок" деген аталышта Темирлан Ормуков Фейсбукта өзүнүн баракчасына буларды жазды:
«Учурда ким президент болот? Ким татыктуу?» деп сурамжылагандар көп. Башта, мен, Бабановду татыктуу деп ойлочу элем. Бирок, бул талапкер анык шылуундардын Шыпшайдары көрүнөт.

Былтыр декабрда, 200го жакын адамдын көзүнчө мени кабыл алам деп убада кылып, кийин куйругун түйүп кетти. Кенедей иште сөзүнө турбаган адам чоң иште убадасына турмак беле?! «Мейли эми өзүнөн калсын, тулпары арам өлсүнӘ деп коюп, жашоону улантабыз да!
Эми ким татыктуу десем, мисалы,  Аида Салянованы колдоп көрсө болот. Эгер камактан чыкса Өмүрбек Текебаевди байкаштырса болот. Булар болбосо, Сооронбай Жээнбековду түртүп көрсөңөр болсо керек.

Эми такыр эле эч кимди жактырбасаңар? анда айла жок. Жакшылап сурансаңар, мен болуп берейин! Бир топ эле тажрыйбам бар. Бала кезде далай жолу кой кайтарып эле жүргөм, бирөөнү да жоготпой, өлтүрбөй, аман-эсен кайтарып келчүмүн. Ойлонуп көргүлө, деги... Башка айла жок!”-дейт Темирлан Ормуков тамашалап, какшыктап.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости