www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилей кетсек, көзү азиз Темирлан Ормуков 11-майда абактан чыккан. Ал, ушул жылы 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынган. Ал мындай кадамын саясый куугунтуктоо деп айтып келет. Анткени ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана айрым бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу ыр жазып, социалдык тармактарга таратып келген.

Темирлан Ормуков, бизге берген маегинде “мындан ары да Алмазбек Атамбаевди сындай беремин” деп айткан эле. Ал кайра ыр жазууну улантты. Жазган ырларын өзгөрүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз.

“Түгөнгөн сайын түтөгөн, кой деген сайын күчөгөн”, демекчи мен эми жазганды көрсөтөм... Шаршендин Алмазбек деген баласы Алмаззэк болгуча күрөшүмдү токтотпойм...
Акыл жактан бек болдум,
Абайлабай зэк болдум.
Акыры көрмөк ушу деп,
Атпай журтка кеп болдум.

Артымда журтум дем бердиң,
Ажого сүйлөп тең келдим.
Арача кылып коомчулук,
Абактан чыгып мен келдим.

Каарына калып жамандын,
Капилет жерден камалдым.
Кайран эл берип күч-кубат,
Капастан чыктым аманмын.

Акчасыз адам бит экен,
Акчалуу адам кит экен.
Артымдан түшүп өчөшкөн,
Атамбай Алмаз ит экен.

Түркүн жан көрдүм түрмөдөн,
Түнөрүп такыр күлбөгөн.
Түйшөлтүп кармап сөзүңдөн,
Түшүнүк менен сүйлөгөн.

Түрмөнүн түнт сүрү бар,
Түгөнөөр мөөнөт күнүбар.
Түндөп-күндөп  кайтарган,
Түрмөчүнүн түрү бар.

Бакытты башка бербеген,
Бактылуумун эл менен.
Бошотуп алган түрмөдөн,
Ыраазымын элге мен.

Түрмөчү мөөнөт узартмак,
Түрө-түрө сурашмак.
Капастан алган бошотуп,
Калың эл сага ырахмат, - деп жазат Темирлан Ормуков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости