www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге “Социал демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Темирлан Султанбеков кеңешчи болду. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
“Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз“, – деп жазган Ырсалиев.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы азырынча бул маалыматты тастыктай элек.
Булак: NazarNews.kg