www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер Centerra Gold Inc. компаниясы Канадада Кыргызстандагыдай иштесе, аны эчак жаап коюшмак. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында чакырылган эксперт, «Кыргыз алтын» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Самат Исманов кыргыз өкмөтү Кумтөр маселесине байланыштуу соттордо өз максатына жете алар-албасына кызыкты.
«Мен юристтерге жана сандарга ишенем. Мен ал жакта иштегем. Декабрда барганда эмне болуп жатканын көрдүм. Мыйзам бузуулар оголе көп. Канадада болсо аны эчак жаап коюшмак. «Кумтөр Голд Компани» ушунча жылдан бери бийликтин уруксаты, колдоосу менен гана иштеп келген», - деди Бөлтүрүк.
Ал эми эл өкүлү Махабат Мавлянова «сотко кайрылып убакытты кетирбей, кенди улутташтырып салса болбойбу?» деген суроо узатты.
«Азыр бизге Канаданын, Нью-Йорктун юристтери адилеттүүлүк силер тарапта, жеңесиңер деп айтып жатышат. Ошондуктан өзүбүзгө таандык объектини улутташтыруусуз эле мыйзамдуу, адилеттүү жол менен аларыбызга ишенем», - деди адис.
Булак NazarNews.kg