www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн кабарлады.

Мындай чечим "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, майнаптуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

"Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоочу комплекси энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реабилитациялоо, ооруларды алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн курулуп, 1977-жылы пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости