www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-майда УКМКнын Терроризмге каршы борборунун координациялоосу жана жетекчилиги астында компетенттүү органдардын “Өз ара аракеттенүү-2022” биргелешкен машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Терроризмге каршы машыгуу Бишкек шаары, Баткен, Ош жана Чүй облустарынын аймактарында болду.

УКМК, ИИМ жана Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан макулдашылган ыкчам издөө жана ыкчам күжүрмөн иш-чаралардын, “өзгөчө шарттар” режимин киргизүүнүн, эл аралык террористтик уюмдардын борбордун жашоо-турмушун камсыздоочу объектилерине жана пенитенциардык системасына, ошондой эле эл көп чогулган жайларга умтулуусуна каршы туруу боюнча милдеттердин комплекстүү алгоритмдери иштелип чыкты.

Терроризмге каршы иш-чаранын субъекттери тарабынан террордук актылардын алдын алуу жана бөгөт коюу, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын жабуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Бишкектеги соода жана оюн-зоок борборлордун биринде шарттуу террористтер кармалып, УКМКнын сапёрдук тобу атайын техниканын жардамы менен колго жасалган жардыргыч затты таап, жеринде зыянсыздандырылды, кызматкерлер жана кардарлар эвакуацияланып, соода жана оюн-зоок борбордун аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

“Омега” атайын күчтөр бөлүмү жана Жазаларды аткаруу кызматынын отряды тарабынан террористтердин камак жайларындагы соттолгон тарапташтары тарабынан уюштурулган массалык баш аламандыктарды токтотуу, барымтадагыларды бошотуу жана кылмышкерлерди зыянсыздандыруу, өткөрүп берүү жана оперативдик абалды турукташтыруу боюнча атайын операция жүргүзүлдү.

Аны менен бирге, террордук коркунучтун деңгээлин аныктоо жана терроризмге каршы операцияны башкаруу боюнча Республикалык ыкчам штабдын иши көрсөтүлдү.

УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүгү стратегиялык объектидеги барымтадагыларды бошотуу жана террористтерди жок кылуу үчүн тик учактан атайын кызматкерлердин тобун түшүрүп, унааны жардырышты.

Биргелешкен терроризмге каршы машыгуунун бардык этаптарында ӨКМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүмдөрү, ошондой эле шаардык кызматтар тарабынан террордук актынын кесепеттерин жоюу жана тез медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар иштелип чыкты.

Машыгуунун акыркы этабы 2022-жылдын 26-майында Коргоо министрлиги тарабынан өткөрүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости