www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борборунда тергөө абагында бир түн жатып каза болгон Дулат Агадил 27-февралда Астана шаарына жакын жерде өзү жашаган айылда жерге берилди. Бул тууралуу казак басылмалары билдирүүдө.

Аны акыркы сапарга узатууга миңге жакын адам катышты. Андан сырткары колдоруна Агадилдин сүрөтүн кармаган 80дей киши Алматы шаарындагы Эркиндик аянтына чогулду. Алар маркум активисттин өлүмүнүн күнөөкөрлөрүн жазалоону бийликтен талап кылышты.

Белгилей кетсек, Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Казакстандын борбору Нур-Султандагы тергөө абагына киргизилген. Бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калганы кабарланды. Полиция активисттин жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок анын тарапташтары ал кыйноого кабылышы мүмкүн деп шектенишүүдө.

Казакстандын баш калаасында тергөө абагында каза болгон активист 43 жашта болчу. Ал адам укуктарынын корголушун, социалдык адилеттиктин камсыздалышын талап кылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости