www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө терракт болушу ыктымал экенин билдирди.

Элчинин айтымында, өлкөдөгү өткөөл мезгилди экстремисттик күчтөр пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн.

"Кыргызстанга зыян келтирүү үчүн экстремисттик күчтөр бийлик алмашуу жана өткөөл мезгил учурун пайдаланып кетүүгө аракет кылышы мүмкүндүгүн белгилейм. Кыргызстандын мамлекеттер ортосундагы жана эл аралык мамилесин кыйынчылыкка кептөө максатында, балким дипломатиялык өкүлчүлүктөргө терракт жасалышы ыктымал. Урматтуу Садыр Нургожоевич, буга байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломаттардын резиденциясына көзөмөлдү мындан дагы күчөтүүгө тапшырма беришиңизди суранам", - деди Оруджиев.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн элчилери, ардактуу консулдары, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости