www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.И.И. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.

Тактап айтканда, А.И.И. жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Ош облусунун тургундарынын арасынан Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк эки адам Сирияга экстремисттик-террористтик уюм тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

УКМК террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости