www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан Татарстанга авиа каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын «Түркмөнстан» авиакомпаниясы 2-июнда билдирди. Буга эмне себеп экени компаниянын жарыясында айтылган жок.

Орусиянын аймагына барчулар үчүн «Ашхабад — Москва — Ашхабад» каттамы бар экени эскертилди.

Былтыр август айында да «Түркмөнстан» авиакомпаниясы Москвага каттамдарын убактылуу токтоткон. Себебин «Москванын аба мейкиндигиндеги абал» жана «учуу коопсуздугун камсыз кылуу максаты» менен түшүндүргөн.

Быйыл апрель айында Орусиянын карамагындагы Татарстанда бир нече киши учкучсуз учактардын чабуулунан жараат алган. «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагындагы согуштук дрон чыгаруучу завод дрон соккусуна кабылган. Заводдун жумушчулары жана «Алабуга Политех» коллежинин студенттери жашаган хостел имараты талкаланган. 14 киши жараат алган. Татарстандын президенти Рустам Минниханов ар бир ишкана учкучсуз учактардан өз алдынча коргонушу керек экенин айткан.

Бул окуядан кийин Татарстандын убактылуу жабылган эки ири аэропорту май айынын орто ченинде кайрадан кадимки тартипте иштей баштаган. Борбор калаа Казандын жана Нижнекамск шаарынын аэропорттору 15-майда «коопсуздук чарасынан» улам бир нече саат жабык турган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол күнү Татарстанда учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Жергиликтүү бийлик чабуул үчүн Украинаны айыптаган. Украин бийлиги комментарий берген эмес.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алып, жай тургундарды өлтүрүп жатканын четке кагууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости