www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Адахан Мадумаров тууралуу "Майдан.kg" гезитине жарыяланган макаланы айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз.

Чын эле коронавирус коркунучтуу болбосо, анда эмнеге Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыялады? Дүйнөнүн негизги өлкөлөрү пантомдой жок нерсе менен күрөшүү үчүн эле триллиондогон, миллиардаган долларларды жумшап жатышабы?

Ал үчүн биздин бийликтегилер коронавирусту ойлорунан чыгара койгон жок да. Эгерде жогоруда аталгандар пандемиянын биринчи толкунун адекваттуу кабылдабай, өз убагында карантиндик чараларды көрбөй дартка чалдыккандар азыркыдан эселеп көбөйүп кетсе, анда Адахан Мадумаров "мына, бийликтин элге жасаган мамилеси. Эл кырылып жатса да аны менен иш албайт. Убагында чектөө чараларын киргизбей, ооздорун Ошту каратып ачып отурушкандан ушундай көрүнүштөр орун алууда" деп айгай салып чыкмак. Мүмкүн, анын саясий жактан цейтноттук абалын, акыркы убактарда өтө эле агрессивдүү болуп бараткандыгын, ансыз деле өз маегинде бийликтегилер жөнүндө "булар адам учурашканга да татыксыздар" дегенге чейин дегенге түшүп кеткенине караганда жогорудагыдан да ачуу сөздөрдү айтмак.

Чындыгында Адахан Кимсанбаевич саясатчы катары жөнөкөй этиканы, моралдык ченем-нормаларды да эске албастан пивоканадагы мурундары кызаргандардын ооздорунан чыкпас сөздөрдү деле урдурууда. Ал айткандан уялбаса, биз аларды бул жерде келтиргенден уялып жатабыз.

Биз мында пандемия менен күрөшүүдө бийлик, тийиштүү мекеме-уюмдар эч кандай жаңылыштык кетирген жок, бардыгы идеалдуу болууда дегенден чыгаруудан алыспыз. Жаңылыштык кетиргендери үчүн мурдагы саламаттыкты сактоо министри менен ал тармакты тейлеген вице-премьер-министр баштагандар кызматтарынан алынды. Дартка чалдыккандардын төрттөн бири ак халатчандар өздөрү болуп жатканы да ар кандай ойлорго түртөт. Иш болгон жерде кемчиликтер да болот. Бирок, жалпысынан бийликтегилер, ак халатчандар илдеттин биринчи этабында өз милдеттерин жогорку денгээлде аткарышкандыгына ырахмат гана айтышыбыз керек.

Эми эң оор сыноо - илдеттин экинчи этабында болууда. Күнүгө 200гө жакындан жаңы жугузгандар катталып, 2-Зтөн адамдын кайтыш боло баштагандыгына караганда пандемиянын экинчи этабы биринчи этабына салыштырганда аябагандай эле оор боло тургандай. Экинчи толкундун канчага созулары да белгисиз. Мындай оор сыноодон карантиндик талаптарды, жекече гигиеналык эрежелерди бекем сактап, биримдикте, ынтымакта болуу менен гана чыга аларыбызды көңүлдөн чыгарбасак. Мындай учурда "коронавирус - деген айрымдар ойлоп чыгарган миф. Ал жөнөкөй сасык тумоодон да коркунучсуз. Карантиндик талаптарды сактабагыла" - деген чакырыктарды таркатуу элге кыянаттык, душмандык кылган менен барабар. Азыр айрымдар коомдук жайларга беткапсыз киришсе, же эл көп катышкан иш чараларды өткөрүшсө, айып пулдар салынууда. Биз сары формачан кыздар, жигиттер коомдук автоунааларда беткапсыз бараткандарды кубалап түшүрүп жатышкандарын да көрүп атабыз. Экс-премьер-министрди узатууда карантиндик талаптарды сактабагандарга айып пулдарды санэпидкөзөмөл бөлүм башчылардан жогоркуларынын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салды. Ал да болсо, казынага пайда. Эмне үчүн элди карантиндик чараларды сактоого чакырган органдын кызматкерлери өздөрү ал талаптарды сактабашы керек?

Мындай учурда бүткүл Кыргызстандын элин ачыктан ачык пандемия деген дартты эстен чыгарып, карантиндик талаптарды сактабоого чакырып жаткан саясатчыларга карата эч кандай чаралардын көрүлбөй жаткандыгы да түшүнүксүз. Алардын бгоджеттен ири суммадагы каражаттарды жумшап, пандемиянын алдын алып, таратпоо боюнча аткарган иштеринин көбүн жогорудагыдай деструктивдүү чакырыктар жууп, жокко чыгарып жатканда, аларга пассивдүү мамиле жасоо туура эмес. Анын сөз эркиндигине же адам укуктарына эч кандай тиешеси жок. Кудай өзү сактасын, бирок жаман айтпай жакшы жок дейт, кокус элдин көбү андай чакырыктарга ишенип, карантиндик талаптарды таптакыр сакташпай, өлкөбүздөгү пандемиялык абал бийликтин көзөмөлдөө мүмкүнчүл үгүнөн чыгып кетсе эмне болот? 

Тү, тү, кудай анын бетин ары кылсын, бирок жараткан деле сактанганды сактайм дегенин эстен чыгарбасак. Күнүмдүк саясат, жекече кызыкчылыктары үчүн бүтүндөй өлкөнү бүлгүнгө түртүп жибергилери келип жаткандардын арам ойлуу сөздөрүнө азгырылбасак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости