www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен түзүлгөн келишимдерге караганда депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер биз карыздарды белгилеген мөөнөттө төлөй албай калсак, Кытай ТЭЦти, «Датка» электр чордонун жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун ээлеп, өз каалаган тарифин коюп коюшат. Бул ТЭЦти алып келгендер үчүн пайда түшүргөнү менен көпчүлүк калайык-калкка түйшүк алып келет. Мындан туура үч жыл мурун 2018-жылдын январь айынын аягында жаңы курулуп бүткөн ТЭЦте авария башталып, ТЭЦти курууда «албан эмгектери» үчүн, бир топ мамлекеттик ишмерлерге кылмыш иши козголгон. 2010-жылы февралда ЦАРИИ дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган маселени караган. Ал кезде ЦАРИИнин коммуникациясын Сапар Исаков жетектеп турган. Анча убакыт өтпөй 2013-жылы Атамбаевдик президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ошол эле ТВЕАны 386 млн. долларга таап келген.
Ошентип, ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -640 долларга сатып алынат. Чыгымдар жабылыш үчүн бир аттиш 640 долларга бааланган. Азыр 1 доллар 100 рубль болуп жатат, демек бир аттиштин баасы 64000 рубль, кээ бир үй-бүлөлөрдүн бир жылдык алган акчасына да жетпейт. Андан тышкары 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга, №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, проект түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.
2013-жылы Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн башчылык кызматын ээлеп, Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарын даярдоого жооптуу болгон, ал эки өлкөнүн жетекчилери кол кое турган документтерди техникалык жактан даярдаган. Кытай тарап менен макулдашуунун долбоору Жантөрө Сатыбалдиевдин Өкмөтү тарабынан, 2013-жылдын 2 –декабрындагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган өкмөттүн № 649 токтому менен даярдалган. Кытайдын Эксимбанкы менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору парламентке киргизилген. 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш ТЭЦти модернизациялоо үчүн кредит жана грант жөнүндө макулдашууну 91 депутат ратификациялаган. 23-декабрда ага ал кездеги президент Атамбаев кол койгон.
ТЭЦти модернизациялоо, кредит, подрядчикти Кытай тарап өзү тандап алаары жөнүндө чечимди ошол мезгилдин саясий элитасы жалпы кабыл алган жана муну Кытай тараптын 2013-жылдын 31-октябрындагы “ТВЕА долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп табылганы” жөнүндө расмий нотасы тастыктап турат. ТВЕА менен контракттын шарттарына Жантөрө Сатыбалдиев жоопкер болгон жана бул 2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде чагылдырылган. Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар, «ТЭЦти» модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес, мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң катачылыгы «ТЭЦти» модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз атка минерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган.
2013-жылы 1-февралда түзүлгөн ТВЕА ишканасы менен контрактык Келишимдин шарты боюнча № 1-8 казан агрегаттарды жана № 1-4 агрегат куурду монтаждоо, өтө жогорку көтөрүмдөгү 2 көмүр казан агрегаттарын, буунун өндүрүштүк сыйымдуулугу 550 т/ саатка жеткен, 150 Мвтга жеткен жылуулаштырылган 2 агрегат куурду орнотуу каралган. 2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Дал ошонун министрлик убагында 2013-жылы февралда Кытай менен келишим түзүлгөн. Бул жерде тендер жарыялабай туруп, антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле. 2014-жылы октябрда мурун соттолгон Кубанычбек Турдубаев келген, ошондон кийин гана электрдин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. ТЭЦке Кытайдан жабдуу алып келүү иштери 2015-жылы январда Кубанычбек Турдубаев министр болуп турганда башталган
2013-жылы ТВЕА менен таанышуу максатында комиссия Кытайга барып келишкен. Кытайга барып келген соң эксперт комиссия мүчөсү Н.Кравцов ТВЕА “ТЭЦти” курууга жарабасын айткан. Бирок, анын сөзүн эч ким укпай, Кытайдын нотасынын негизинде ТВЕА тандалган. Бирок Кытай нота жибергени тууралуу эч кандай документ жок. Ошондуктан, Кытай жиберген нотадан улам ТВЕАны тандагыла деген жашыруун көрсөтмөлөр болсо керек.
Фергана ТЭЦи 83,6 млн долларга оңдотулган, Бишкек ТЭЦи 386 млн. долларга. Салыштырып көрүңүздөр дээрлик беш эсе кымбат оңдотконбуз. Тажикстандын Дүйшөмбү-2 ТЭЦи 180 млн долларга ишке кирген. Өзбекстандын Туракурган ТЭЦи, Казакстандын Семей ТЭЦ-3, Караганда ТЭЦ - 4 ТВЕА компаниясына жалдырабай эле, кээ бирөө КазакКомСистема сыяктуу өз компаниялары менен оңдотуп жатат. Эми Жогорку сотто Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) коррупцияга байланыштуу иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча башталууда. 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Соттук ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кароого соттолуучулардын жактоочулары арыз берген.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту 2020-жылы март айында, Жогорку сот июнь айында бир аз өзгөртүү менен күчүндө калтырган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg