www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев:

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кызматтан алынышына каршы пикирин билдирип чыкты. Айтымында, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиевди бул орунга дайындаганы жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

--"Көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дем менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу", - деген Акаев.

Ал Садыр Жапаровду, Элвира Сурабалдиеваны жана Артем Новиковду чечимди терең ойлонуп жыйынтык чыгарууга чакырган.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында өкмөттүн жаңы курамы каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости