www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мьянмада белгисиз адамдар мамлекеттик төңкөрүш жасап, президентти кармап алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Көп өтпөй башка ЖМКлар өлкөдө бийликти аскер кызматкерлери алмаштырганын жазып чыгышты.
«Төңкөрүш таң эрте башталды. Басып алган тарап өлкө лидери, мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су, президент Вин Мьин менен башка жогорку кызматтагы аткаминерлерди кармап алышты. Көп өтпөй вице-президент Мьинт Шве убактылуу өлкө башчы болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
2020-жылдын ноябрында Мьянмада парламенттик шайлоо болгон. Анда бийликтин «Демократия үчүн улуттук лига» партиясы жеңип чыккан. Мындан соң «Тилектештик жана союзду өнүктүрүү» партиясын колдогон аскерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп келишкен.
Учурда аскерлер өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режимин жарыялап койду. Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg