www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Жылуулук электр борборунда январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн, 7-апрелде Улан Примовдун иш бөлмөсүндө жабык жыйынга чогулган эле.
Маалыматтарга таянсак, ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, ал кездеги экономика министри Темир Сариев, финансы министри Ольга Лаврова, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, булардан тышкары Сапар Исаковдун да аттары аталган. Бул тууралуу Чагылган сайты жазып чыкты.
Аталган комиссия аларга саясый баа берүү боюнча жыйынтыкты эртеӊ жарыялашат. Андан кийин, депкомиссиянын жыйынтыгы боюнча материалдарды укук коргоо органдары да иликтей тургандыгы айтылууда, деп кошумчалаган Чагылган сайты.
Булак: NazarNews.kg