www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Жылуулук электр борборунда январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынга чогулду. Талкуу комиссиянын төрагасы Улан Примовдун иш бөлмөсүндө жабык өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-январында, кычырыган кышкы суукта Бишкек шаарынын тургундары ТЭЦ жарылып жылуулуксуз калган. Жыйынтыгында айрым аткаминерлердин уурулугу ачыкка чыгып, алды камакка түшүп, арты көзүн чекчейтип эмне болуп кетээр экен деп алаңдап олтурат. 

Белгилей кетсек, Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыяга макулдашууну, Алмазбек Атамбаев айткандай "ушакчы" парламент 2013-жылы 11-сентябрда бекитип колдоп берген. Кечээ жакында эле ЖК депутаты Акылбек Жапаров, Кытайдын карызынан кооптонуп жатканын айтса, эл арасында "Кытайдын 386 миллион доллар насыяга макулдашууну колдоп берген айрым эл өкүлдөрү кытайлыктардан "белек" алган", деп айтылып жүрөт. 

Демек, Кытайдын 386 миллион доллар насыяга макулдашууну колдоп берген депутаттарды жана тиешелүү аткаминерлерди тирүүлөй Кытайга өткөрүп беришибиз керек же кустуруш керек. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости