www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Момуналиевди 22-мартта суракка чакырганын басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов кабарлады. Сулайманов: Момуналиевдин суракка
чакырылышы Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандарын ремонттоо үчүн тендер өткөрүү фактысы менен байланыштуу экенин, 2017-2018-жылдары Бишкек шаарынын жылуулук мезгилине даярдык жана ремонт иштери боюнча оңдоо иштерин жүргузүү үчүн келишим түзгөн "Аймар Энержи" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болуп эсептелгендигин билдирди.

Буга чейин Нурканбек Момуналиевдин апасына катталган фирма ТЭЦти оңдоп - түзөө ишине катышып, бир катар мыйзам бузууларга барганын, ал тургай ал фирма аркылуу 20 миллион сом жегенби деген суроолуу маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.

Нурханбек Момуналиев 2012-жылы Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. 2012-2016-жылдарда өкмөт аппаратына жетекчи болуп дайындалган. 2016-жылдын апрелинде кайрадан Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматына коюлуп, 2017-жылдын жайында өкмөт аппаратынын башчылыгына кайра келген.

Булак: Багыт. кж
 

Последние новости