www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылы ТЭЦке алынган кредиттик келишимге Кенжебек Бокоев “саясий коррупция” деп каршы добуш берген. Мындай пкирин эл өкүлү бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Кенжебек Бокоев андан соң өз оюн Фейсбук жана инстаграм баракчалары аркылуу билдирди.

Депутаттын пикирин өзгөртүүсүз сунуштайбыз. “2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңеш ТЭЦти модернизациялоо үчүн кете турган 386 миллион долларлык «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдоп берген. Ал келишимге Мен, Мыктыбек Юсупович, Курмандай Абдиевич, Улукбек Кочкоров, болуп жалпысынан 7 гана депутат каршы чыкканбыз! Мына мен ошондо айттым эле, Эл аралык келишимге жалгыз ТВЕА компаниясынын атын киргизген туура эмес, бул саясий коррупция деп.

Анткени ТЭЦти тендер аркылуу модернизациялоо кылыш керек эле. Кытайдан алган кредит 2 % менен берилип жатат бул арзан кредит деп айтышкан, мен арзан эмес деп каршы болгонмун, себеби эл аралык келишимдерде 0,75 % менен кредиттерди алганбыз.

Мына мен ошолордун айтып туруп кредиттик келишимге каршы добуш бергенмин. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдар бар, мына ошол мыйзамдарды аттап өтүп (обход кылып) ТВЕА жана Чайна роуд компаниялары, тагырагы ТВЕА биздин өлкөнүн энерго тармагын ал эми Чайна роуд болсо жол тармагын тейлеп жатат. Керек болсо ушул эки компаниянын иши иликтениши керек! Кыргызстандын тышкы карызынын 42 % Кытайга болгон карыз түзөт деп, ал эми ошол Кытайдан алган карыздын көпчүлүк бөлүгүн ТВЕА менен Чайна роуд компаниялары кайра сыртка чыгарып кеткен.

Кыргызстанда ушул 2 компаниянын кызыкчылыгын (лоббировать эткен) коргогон таратан жоопко тартылышы керек! Жеке компаниялар бизге 20 миллион доллар грант берди, элестетип көрсөңөр эмне үчүн алар бермек эле? Себеби алардын ТЭЦти модернизациялоо сыяктуу иштери абдан жогорку баада жасалган, ошолорду жаап-жашыруу максатында бериши мүмкүн.”-деп жазылган эл өкүлүнүн билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек 2013-жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттары 1 күндө 3 окуудан тең «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдоп беришкен. Анда макул деп 91 каршы деп 7 депутат добуш берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости