www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТЭЦте 17-июнда дагы жарылуу болуп, ысык суу асманга фонтан болуп атылды. Күбөлөр видеого тартып алып интернетке жүктөп, коомчулукта бииликтин дарегине ачуу сын-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Окуяга байланыштуу "Улуттук энер-гохолдингдин": «Шаар тургундары жылуулук трассасынын жыл сайын пландык негизде ысык суу өчүрүлгөн маалда жүргүзүлүүчү гидравликалык текшерүүсүнө күбө болушту.
Мында түтүктөрдүн ичине атайылап нормадан жогору басым берилип, бузулган жерлер болсо аныкталат. Эгер дефект табылса, дароо аны жумушчулар барып оңдошот. Кечээ күнкү фонтан Бишкек ЖЭБнин аймагында болду. Шаардыктар ал жерде кырсык болду деп ойлогон чыгаар. Бирок чынында ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай авариялык кырдаал жок» - деп жооткотту. Бирок буга эч ким ишенген жок.
Анткени буга дейре мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Анан быйыл эле текшерүү ушуңдай өнүттө жүргүзүлүп калыптырбы деп шектенгендер, бийлик кырсыкты жашырып жатканын айтышууда.
Булак: Фабула