www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-майда парламентте Бишкек ТЭЦиндеги кырсык жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 млн. доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууга алынды. Анда аталган комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов “Бизде президенттин чечими жок бир дагы маселе чечилбей” деген пикирин билдирди.
“Келишим 2009-жылдан бери даярдалып келген. Ага көп киши катышкан. Мурдагы, кечээги президенттер да катышкан. Масалиев жакшы айтты, бизде президенттин чечими жок бир дагы маселе чечилбейт. Ратификация болуп жатканда жол-жоболор бузулган. Депутаттар дагы буга аралашып калсын деп ратификацияга алып келген. Чындыгында өтө акылдуу кишилер иштеген”, - дейт ал.
Ошондой эле ал ТЭЦти модернизациялоого 386 млн доллар сарпталары тууралуу маалыматтар алдын ала эле чыгып кеткенин, бирок ТВЕА менен “бааны түшүргүлө, ошонун үстүнөн иштегиле” деген каттар жөн эле жасалмалуулук менен жасалганын билдирди.
Ырасында эле, бул ТЭЦти модернизациялоо маселесине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишкени коомчулукка ачык-айкын эле билинип калды. Эми ал өзүнүн буга чейин айтып келген убадасына туруп, мыйзам алдында жооп берүүсү гана керек.
Булак: NazarNews.kg