www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Тез жардам” кызматкери коронавирусту жуктуруп алган адамдар менен байланышкандан кийин алар иштөөгө мажбур болгон шарттарды сүрөттөп берди. Бул тууралуу видео интернет желелеринде тарады.

Төмөндөгү видеотасмадагы дарыгердин айтымында, “Тез жардам” кызматы коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болгон кишини Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып келишкен.

Видеонун автору атайын унаа оорукананын аймагына таштанды таштоочу жайдын жанына токтоорун жана медициналык кызматкерлер таштанды төгүүчү контейнерлердин, медициналык калдыктар ташталуучу жайдын тегерегинде кийим алмаштырууга аргасыз болушаарын айтып берген.

"Таштандыда кийим алмаштырабыз. Демек, биз коомдун калдыктарыбыз”,-дейт автор.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө өлкөбүздө 180 медициналык кызматкер илдетке чалдыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости