www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мурдагы маданият министри, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, композитор жана обончу Түгөлбай Казаков Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду.

Мамлекеттик сыйлык ага “Боз жорго” аттуу музыкалык чыгармасы үчүн музыкалык искусство жаатында ыйгарылды.

Мындан тышкары, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар башка багыттар боюнча да тапшырылды.

Адабият жаатында сыйлык жазуучу Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн ыйгарылды.

Ал эми кино, радио жана телекөрсөтүү жаатында мамлекеттик сыйлык “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссёру Абдыкадыр Тилекке Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн берилди.

Последние новости