www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында агенттиктин директору Урмат Асанбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга федерациянын президенти Эдиль Бейшенбаев, вице-президенттер, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөдө дзюдо спортун өнүктүрүү, спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоо, ошондой эле машыктыруучулардын ишмердүүлүгүн күчөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда дзюдо спортун мындан ары өнүктүрүү жана бул багыттагы биргелешкен иштерди күчөтүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Последние новости