www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелерин кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген Жарлыкка кол койду.
Жаңы тартипке ылайык, жарандык алуу жана жарандыктан чыгуу боюнча бардык документтер автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет. Мындан ары жарандыкка байланышкан арыздар электрондук кол тамга аркылуу да ырасталат.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн өлкөдө каттоодо болуп, жашоого уруксат берүүчү документтердин бирине ээ болушу керек. Бирок бул талап этникалык кыргыздарга жана Кыргызстанда жашаган айрым жарандыгы жок адамдарга тиешелүү болбойт.
Мындан тышкары, өлкөдө төрөлгөн этникалык кыргыздардын балдары ата-энесинин жарандыгына карабастан Кыргызстандын жараны деп таанылат.
Жарлыкта улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан учурларда жарандык берүүдөн баш тартуу же айрым жарандарды жарандыктан ажыратуу негиздери да каралган.
Жаңы өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.