www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тянь-Шань тоолорунан байыркы аралдын жээги табылды

Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин окумуштуулары Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан болжол менен 500 миллион жыл мурун Кембрий океанында пайда болгон тоо тектеринин комплексин табышты. Бул тууралуу окуу жайдын сайтына жазылды.  

Аймактын тарыхын ачып берген изилдөөнүн жыйынтыгы Geoscience Frontiers журналына жарыяланды.

Сонкултау тоолорунан адакиттер, тагыраагы, алгачкы жолу Адак аралында сүрөттөлгөн тоо тектер табылган. Бул арал Тынч океанынын түндүк бөлүгүндөгү Алеут арал тоосунун бир бөлүгү.

--"Байыркы тоо тектерин изилдөө бир гана аймактын геологиялык тарыхын жакшы билүү үчүн керек эмес. Ири руда кендери адакиттер менен байланыштуу. Буга Чилидеги алтын жана жез кендери мисал", — деген изилдөө тобунун жетекчиси, доцент Дмитрий Конопелько.

Сонкултау граниттеринин бөтөнчө курамы окумуштуулардын көңүлүн 2007-жылы аймакты картага түшүрүү маалында бурган.

Тянь-Шань тоолорундагы талаа иштерине бельгиялык жана австриялык окумуштуулар катышса, аналитикалык ченөө менен талаа маалыматтарын талдоону Новосибирскидеги жана Лондондогу адистер колго алган.

Санкт-Петербург университетинин окумуштуулары Борбордук Азиянын геологиясын өткөн кылымдын ортосунан тарта изилдей башташкан. Көп жылдык изилдөөлөр жана талаа тажрыйбалары аталган университетте Тянь-Шандын геологиясы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы илимий мектепти түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Учурда илимий иштер дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар менен биргеликте активдүү жүргүзүлүп жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости