www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы күз мезгилинде борбор калаанын бир нече тургундары мыйзамсыз иштердин курмандыгы болуп, милицияга кайрылышкан. Алардын айтымында, Канатбек аттуу жаран унааларын сатып, акча каражатын алып, изин жашырып качып кеткен. Алдамчылык боюнча арыздарды кымбат унаалардын ээлери гана эмес, шектүүдөн унаа сатып алган адамдар дагы жазган. Жабырлануучулар мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Шектүү алардын ишенимине оңой кирип, өзүн ийгиликтүү жеке ишкер катары тааныштырып жүрчү. Ал 2019-жылдын ноябрь айынын ортосунда Бишкек шаарында алдамчылык жол менен 37 жаштагы жарандын 13 миң долларга бааланган «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылып, андан кийин дайынсыз болуп кеткен. Унаанын ээсине 908 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген. Ал кезде доллардын баасы 69,85 сом болчу. Ошол эле жылдын ноябрь айында Канатбек аталган унааны 5700 доллардан ашык акчага сатып жиберип, акчасын өзүнө ыйгарып алып, качып кеткендиги белгилүү болгон. Унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Тойота Приусту» таап, далил катары алышканда, унааны сатып алган адам дагы ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Өзүнүн айтымында, ага дээрлик 400 миң сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары 2019-жылдын декабрь айында Канатбек Бишкек шаарында алдамчылык жол менен 25 жаштагы жарандын баасы 12 миң доллар болгон «Lexus RX330» үлгүсүндөгү унаасына ээ болгон. Шектүү унааны бир аз убакытка пайдаланып турууну суранган, андан кийин унааны болжол менен 7000 долларга сатып, акчаны алып, качып кеткен. Алданган унаа ээси милицияга арыз жазган. Улуттук банк тактагандай, ошол учурда доллардын наркы 69,83 сом болчу жана келтирилген материалдык чыгым 837 миң сомдон ашкан. Бул факт КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүмү менен жүргүзүүдө.

Мындан тышкары Канатбектин башка дагы алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган. Тактап айтканда 2020-жылдын январь айында Бишкек шаарындагы
базарлардын биринде жеке ишкердин ишенимине кирип, 10 млн 40 миң сомдон ашык акчага бааланган 20 тонна мандаринин алдап алып, качып кеткен. Бул факт да КЖБРга катталган.

Жасалган кылмыштардын резонансын жана мүнөзүн эске алуу менен Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында буга чейин алдамчылык аракеттерине шектелип, мурда соттолгон Алимжанов Канатбек Алимжанович кармалган. Ал Бөкөнов Канатбек Алимжанович аты-жөнү менен да таанымал. Ош облусунун тургуну. 1982-жылы туулган. Бишкек шаарында жашайт.

Шектүүнү кармоо операциясы Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы тарабынан 2020-жылдын декабрь айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районунда жүргүзүлгөн. Соттун чечими менен Канатбек эки айга камакка алынды.

Жогоруда аталган факттар бир эле адам тарабынан жасалгандыгын эске алып, кылмыш иштери бириктирилген. Сотко чейинки тергөө амалдарын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда жабырлануучуларды табуу, шектүү катышкан башка алдамчылык факттарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды же сүрөттөгү адамдан жабыр тарткандарды 0312 266 261, 0703 000 570 телефон номурлары аркылуу байланышууну суранат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости