www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылга ипотекалык насыялар үчүн 500 млн сом каралды

2021-жылга ипотекалык насыялар үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом каралды. Бирок бул жетишсиз экенин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, МИКтин негизги көйгөйү — каражаттын тартыштыгы. Учурда 5 жарым миңден ашык жарандын арызы бар. Аларга жалпысынан 9 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Мындай каражатты мамлекет бере албайт. Ага кошумча, мамлекеттен бөлүнгөн каражат качан келип түшөрү белгисиз болгондуктан, пландоого кедергисин тийгизүүдө. Андыктан эл аралык донорлордон жардам суроонун үстүндө иштеп жатышат.

--«Германия өнүктүрүү банкы тарабынан 35 млн еврого жакын каражат гранттык түрдө бөлүнөт. Андан сырткары Евразия өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар алуу боюнча арыз менен кайрылганбыз. Бирок алар бөлүп кароону туура көрүп, 25 млн долларды мугалим жана дарыгерлерге кароону пландап жатат. Өлкөдөгү саясий окуялар да биздин иштерге кедергисин тийгизди. Ипотекалык баалуу кагаз чыгарып, ал аркылуу каражат тартып келүү боюнча иш алып барууда», — дейт  Абжапарова.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости