www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиевдин бийлигине каршы ок атканыма өкүнөм

Март, Апрель революциясынын чыныгы баатыры, далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.

-Кайсы жерде революция, бийлик алмаштыруу болсо, командаңды ээрчитип алып ири алдыда жүрчү элең. Октябрдагы башаламандыкта көрүнбөдүң го?  

- Атамбаевдин уулдары Ак үйдүн алдына митингге чыкканда, аларды кетирүүгө эч ким даай албай турганда өзүм баш көз болуп аларды кубаладым.

-2005-жылы 24-мартта  Акаевдин бийлиги кулатылганда кандай окуяларга күбө болдуң?

-Кызык айтып берейин. Ак үйдү алып иш кабинеттерине кирсек, кайсы кабинетинде болбосун коньяк, вискини бөтөлкөлөрү, анан презервативдер жайнайт. Булар иш кылды беле, же көңүл ачып эле отурушту беле деген ой кетет экен.

-Буга ишенсе болот, анткени ошол кезде Руслан Шаботоев Ак үйгө комендант болуп, сен биринчи кабатты көзөмөлдөп калгансың. Акаевдин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевди балдар сабап жатканда сен ажыратып калды деп уктум эле?

-Абдил Сегизбаевди өлтүрүп коюшмак, ким жооп берет эле. Аны сабап жатып элге каршы атыла турган курал-жарактар каякта катылып жатканын билип, бекем көзөмөлдүккө алганбыз.  

-2010-жылы БЭКти бийликке алып келиш үчүн «Форумдун» жанынан коопсуздук кызматкерлеринин куралдарын тартып алып Ак үйгө каршы аттандыңар...

-НПОчу Токтайым Үмөталиева ажылдап өз пикирин айтты, мен Ак үйгө аттаналы дедим. Жок жерден Ак үйгө жеткиче элдин карааны көбөйдү. Көрсө бул мурун сценарийи түзүлүп даярдалган спектакль тура. Кимдир бирөөлөргө бийлик алып бериш үчүн канчалаган адамдар курман болду. Жаңылыштыктар да болду. Өлгөндөрдүн санын көбөйтүш үчүн Максымбеков сыяктуу тирүү жүргөндөрдү кошту, мародерчулук кылам деп супермаркеттерден атылгандарды кошту. Чын эле жакшы заман орнойт экен деп ишенип бийликти алмаштырганбыз. Мунун пайдасын ар кимдин үйүн тоногон мародерчулар, Мискенбаев сыяктуу бийликтин «ооз чайкарлары» көрдү. Кийин ишеничтен кайтып «Апрель баатыры» медалын бийликке өткөзүп бердим. Бакиевдин бийлигине каршы чыкканыма өкүнөм.

-Бийлик алмаштырам дегендер камалып жатса, Москвага барып, бийлик алмаштыруу операциясына даярдык көрүп  келген Темир Сариев келер менен элге барбай, Ак үйгө барып андагы премьер-министр Данияр Үсөновго жолугуптур...

- Темир Сариев «Оштуктар сасыбай кеткиле» деп Сокулук, Чүйдөн кубалаган накта трайбалист болгон. 2009-жылдагы президенттик шайлоодо элдин көбү добушту Бакиевге салган. Темир Сариев 8 пайыз добуш алып Атамбаевден өйдө болдум деп бул бийликти алам деп калган. Эл бийликти алмаштыруу үчүн тытынып жатса, Темир Сариев бийлик башына жетиш үчүн Москва, Данияр Үсөнов менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

-Темир Сариев элге барган деп жатпайбы...

-Барбай кара жерге кирсин, бийлик алмаша турган болгондо, мас абалында элге келиптир. КАМАЗдын үстүнө араң чыгып сүйлөйүн деди эле, кубалап жибердик.

-Азыркы бийлик менен сүйлөшүүлөр болуп Саламаттыкты сактоо министрлигин Темир Сариевдин кишилери  алган дешет го?

-Бул убактылуу бийлик, чыныгы бийлик парламенттик шайлоодон кийин келет.

-Сен далыга карап төлгө тартчу элең Темир Сариев өкмөт башына келе алабы?

- Темир Сариевди премьер-министр кылуу бул таза сүттү ириткенге барабар. Парламенттик шайлоо алдында Текебаевге барды, ал Жанар Акаев, Сурабалдиева, «Шаолиндерге» бийлик берип муну көчүккө тээп кууп чыккан. Андан соң Мадумаровко барды ал да көчүккө тээп кууп чыккан. Ушуну менен Темир Сариевдин саясий карьерасы аяктады.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости