Майрам бүттү. Караколдо башкы балаты кулап калды
Коом  |   |  283

Каракол шаарынын борбордук аянтына тигилген башкы балаты кулап калды.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, балаты бүгүн, 14-январда болуп жаткан катуу шамалдан улам кулап калган.

Балаты 2020-жылы 20-декабрда толук орнотулган. Ал жылда 13-январдан кийин чечилчү.

Бул балаты 2017-жылы 1 млн сомго жергиликтүү бюджеттен сатып алынган. Бийиктиги 21 метр.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями