www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-январда баланы багып алуучу үй-бүлө, анын жол-жоболору тууралуу маалымат жыйын өтүп жатат. Маалымат жыйынга эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова катышууда.

Багып алуучу үй-бүлө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды камкордугуна алып, тарбия берген үй-бүлө. Багып алуучу үй-бүлө баланы асырап алган үй-бүлөдөн бир айырмаланып, атайын окутулат жана баланы белгилүү бир мөөнөткө мамлекет менен келишим түзүүнүн негизинде багып алат.

Министр Солтонбекова "турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө" деген аталыштагы жаңы жобо иштелип чыгып, ал өкмөттүн токтому менен бекитилгенин айтты.

--"Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялоо боюнча камсыз кылуу үчүн балага альтернатива түзүп берүүгө милдеттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет. Бул балдардын абалы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө айлык төлөнөт. Учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.

Алсак, баланы багып алуучу үй-бүлөдө баланы камсыздоого бөлүнгөн акча баланын жаш курагына жараша эки жашоо минимумдун өлчөмүндө акы төлөнөт. Багып алуучу ата-эненин эмгек акысы багып алган балдардын жаш курагына, санына жараша төлөнөт. Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы, азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет" , - дейт министр.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости