www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдары парламент депутаттары цирктеги жоруктардан кем калышпай, ар кимиси акыл парасатына жараша таанылып жатышат. Маселен, Аида Исатбек кызы тик-ток тартып, жеңил-желпи көрүнүшү менен коомчулукка таанылып, кыйла сындар жаады. Депутат деген олуттуу мыйзамдарды жазып, көйгөйлөрдү көтөрүп, элдин үнүн бийликке жеткизип туруу керек. Негизги милдеттери ушулар.
Ал эми Аида Исатбек кызы акчанын күчү менен мандатка жетип алып, жарытылуу маселе көтөрө албай, деңгээли тик-ток менен өлчөнүп калганы өкүнүчтүү. Бул айым бүтүндөй кесиптештерине «көө» жаап жатканын түшүнөбү?
Булак: Азия News гезити