www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус оппозициянын лидери Светлана Тихановскаяга өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү бузууга жана бийликти басып алууга үндөгөн деген негизде мамлекет аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин Беларустун Ички иштер министрлигинин өкүлү Тихановскаяга издөө жарыяланганын ырастап, бирок кандай айып коюлуп жатканын тактаган эмес.

Ошондой эле Тихановская Орусияда изделип жатканы белгилүү болгон. Орус бийлиги беларус саясатчысына эки өлкө ортосундагы аймактык келишимдердин негизинде издөө салынганы билдирген.

Буга чейин Светлана Тихановская Александр Лукашенкону 25-октябрга чейин бийликтен кетишин талап кылган. Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, анда «бүт өлкө элдик ультиматум менен көчөлөргө тынч акцияга чыгат, өнөр жай ишканалары иш ташташат, бардык жолдор тосулат жана бардык мамлекеттик дүкөндөргө бойкот жарыяланат» деп эскертилген.

16-октябрда ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосундагы маегинде Лукашенкого карата «элдик ультиматумду» өзү гана эмес, бир нече оппозициячыл күчтөр койгонун белгиледи.

9-августтагы президенттик шайлоону Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айткан демонстранттар көчөлөргө чыгып, ошондон бери акциялар токтобой келатат. Европа Биримдиги жана АКШ Лукашенкону легитимдүү президент деп таануудан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости