www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын негизинде жарык көргөн 83 китеп КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди.

Тагыраак айтканда институт тарабынан чыгарылган 200 нускадан ашуун эмгек аталган министрликтерге  акысыз тапшырылды. Алардын арасында “Манас” эпосунун үчилтиги, “Эл адабияты”, “Окурмандардын китеп текчесине”, “Классикалык изилдөөлөр”, “Махмуд Кашкаринин “Түрк сөздөр жыйнагынын” 3 томдугу, “Айтматов энциклопедиясынын”  3 томдугу жана “Улуттук идея – тилде, адабиятта, философияда, тарыхта” деген эмгектин 12 томдугу бар.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев китептер тууралуу айтып жатып: “Бул эмгектер Президенттин Жарлыгынын жана КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык жүзөөгө ашты. Мектептерге, жогорку окуу жайларына жана китепканаларга министрликтер тарабынан тизме менен акысыз жана максаттуу таратылышы керек.

Ошону менен катар эле китептердин электрондук варианттары Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, КР УИАнын Борбордоштурулган илимий китепканасынын жана А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын сайттарына жайгаштырылды” – деди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости