www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Айыл чарбаны каржылоого бөлүнгөн кредиттер тууралуу сындар айтылып, убагында берилбегени да нааразычылык жаратууда. Кандай дейсиз?

-- Мурдатан иштеп келген айыл чарбаны каржылоо долбоору боюнча 6 млрд. сом бөлүнгөн. Ал февраль айларында эле элдин колуна тийген. Дагы бир кластердик өнүктүрүү долбоору бар.

Ал жагынан болсо мен билгенден жумуш токтоп калган. Кластердик өнүктүрүү долбоору эмне үчүн жылбай калды? Анткени 10 млрд. сомду кандайдыр бир тизме түзүп, “тизмеге кирген ишканаларга гана берилсин” деген чектөөлөрдү киргизгени туура эмес.

Айыл чарба министри саясатты, туура функцияны аныкташ керек. Саясатты аныктоо дегенде чектөө жасап тизме түзбөй эле, керектүү критерийлерди киргизип койсо оңдуу болмок. Ал тизмени ким аныктап жатат? Бул жерде деле жемкорлук.

Көп эле ишканалар кире албай калды. Ушундай тизме боюнча суроолор бар. Тизмени ачыкка чыгарганда да импортёрлер ичине кирип калган. Курамына эки эле киши катталган ишканалар 150 млн. сомго чейинки жеңилдетилген кредитти алып жатышат.

Муну менен биз өз айыл чарбабызды өнүктүрбөй эле, башка өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүп жатабыз. Сезон убагы өтүп баратат, маселе чечилгенче жаз бүтмөй болду. Аз болсо да убагында берилген нерсенин баркы жогору эмеспи. Кластердик долбоордун суммасы аябай көп, бирок элди кыйнап эле коюшту.

-- Орусиядан келген үрөндөр элге туура жеттиби?

-- Жакында Ош облусунда болуп, дыйкандардын арызын уктум. Алынып келинген үрөн биринчи Ысык-Көлгө, Нарынга (суук аймактарга) таратылып, эң аягында, сезон бүтүп калганда Ошко жеткиришкен.

Бир иш жасоо үчүн аны чоюп, убагында бербей, жасабаганы – бул ысырапчылык. Башкаруу системасы туура коюлган өлкөлөрдө мындай көрүнүштөр учурап калса, керек болсо кылмыш иши да козголот. Анткени мамлекеттин бюджетинен акчалар кетип, бирок максатына жетпей жатат. Үрөндөрдү убагында берип, убагында сээп жетишип калуу керек эле.

Эгерде жетишпегенге көз жетип жатса, албай эле коюш керек болчу. Азыр ал үрөндөрдү бир жерге сактап коюшат. Бир жылдан кийин ал үрөндөр сапатын жоготот. Кредиттер боюнча деле абал ушундай болууда.

Айыл чарбаны каржылоо долбооруна эле баарын кошуп койгондо 16 млрд. сом болуп, эч кимдин башы оорумак эмес. Дыйкандар убагында пайдаланып калмак.

Булак: Азия News.kg

Последние новости